Сүйүү адамдын жашоосунда күтүлбөгөн жерден пайда болуп,адамды бир убакта эле эң бактылуу жана бактысыз кылып коюшу мүмкүн. Жашоонун маңызы болгон сүйүү жөнүндөгү фактылар менен тааныштырабыз.
1. «Сүйүү тамыры» аты жок бармакчасында жайгашкан. Ошол себептен нике шакеги дал ушул колго тагылат.
2. Көбүнчө сүйүүгө такыр кабыл болгуң келбей калган маалда аны жолуктурасын.
3. Сүйгөн кишиң менен сүйлөшуү темаң канчалык көп болсо, никенин ийгиликтүү болуу ыктымалдыгы ошончолук жогору болот.
4. Сүйүү никенин ийгиликтүү болушунун кепилдиги эмес. Буга андан башка көптөгөн факторлор таасир этет.
5. Сүйүшкөндөрдүн ортосундагы чыр-чатактар көбүнчө ишенбестиктен келип чыгат.
6. Үйлөнгөндөн кийин, ар бир үчүнчү жубайлардын мамилесинде кризис башталат.
7. Сүйүүдө эч качан тең салмактуулук болбойт, ар дайым өнөктөштөрдүн бири көбүрөөк сүйөт.
8. Эркектер көбүнчө кыздын сырткы келбетине карайт, кыздар болсо ички дүйнөсүн баалайт.
9. Жигит бир нече мүнөттө сүйүп калышы мүмкүн, кызга болсо көбүрөөк убакыт керек.
10. Сүйүү адамды бир эле убакытта эң бактылуу жана эң бактысыз кыла алат.
11. Англияда окумуштуулар сүйүү сенсорун иштеп чыгышкан жубайлар келип сезимдерин текшеришсе болот.
12. Сүйүп калганда эйфория сезими пайда болот.
13. Адам баласы түгөйү жанында болгондо өзүн бактылуу сезет жана эч нерсе жөнүндө ойлонбойт.
14. Сүйүү сезимин башынан өткөрбөгөн адамдар да бар.
15. Сүйүү 3 жылга гана созулат.
16. Жоопсуз сүйүү-суициддин себептеринин бири.
17. Эркектер аялдарга караганда көбүрөөк сүйүшөт.
18. Бир көргөндө сүйүп калуу бул чындык.
19. Сүйүү кемчиликтерди байкабайт.
20. Сүйүп калуудан коркуу- бул филофобия деп аталат.