Сокулук районунун мамлекеттик архитектура башкармалыгынын кызматкери 80 миң сом пара талап кылып жаткан жеринен кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, 27-сентябрь күнү милицияга Сокулук райондук мамлекеттик архитектура бөлүмунүн “Р” аттуу кызматкери Военно-Антоновка айылындагы жаңы үйдүн курулушуна жана чийме эсептөөлөрдү камтыган архитектуралык долбоорду тез арада аяктап беремин деп 150 миң сом акча талап кылып жаткандыгы жана ага чара көрүп берүү боюнча арыз келип түшкөн.
Аталган арыздын негизинде ИИМдин Тергөө кызматы тарабынан Кылмыш жаза кодексинин 343-беренесинде каралган “Опузалап пара алуу” фактысы менен кылмыш иши козголуп, ИИМдин ыкчам кызматкерлери тарабынан атайын иш-чара өткөрүлгөн.
Ыкчам иш-чаранын натыйжасында Романовка айылындагы Фрунзе жана Гагарина көчөлөрүнүн кесилишинен 80 миң сом пара алып жаткан жеринен Сокулук райондук шаар куруу жана архитектура башкармалыгынын жетектөөчү адиси 1986-жылы туулган С.Р. кармалган.
Далил катары анын шымынын чөнтөгүнөн арыз ээсинен алган 80 миң сом акча алынган.
Учурда шектүү Бишкек ШИИББнын убактылуу кармоо жайына киргизилген.