Бүгүн, Түркиянын Изник шаарында өткөн төртүнчү дүйнөлүк көчмөндөр оюнуна катышкан көк бөрү жана көкпар(жер улак) командалары Бишкекке келишти.
Аларды журналисттер , күйөрмандар жана комузчулар кыргыз күүлөрдүн жана ырлардын аткаруусунда тосуп алышты.Командалар көк бөрү боюнча 1-орунду камсыздашса, көкпар оюнунда 2-орунду ээлеген.
Эскерте кетсек, оюнчулар 2 айдан ашык убакыт даярданышкан. Бирок оюн талаасына ижарага алынган Түркиянын аттары менен чыгышкан.