7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Январь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1234
567891011
12131415161718
19202122232425
262728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Фестивалда ачык кийинип чыккан кыз үчүн жетекчилер сөгүш алды

364

11-июнда III Бишкек Эл аралык кинофестивалы салтанаттуу түрдө ачылды. Фестиваль алгач көк түстөгү “Асман жолу” килеминен өтүүдөн башталган.

Дал ошол фествалга барган Жанара Осмоналиева аттуу блогер денеси көрүнгөн көйнөк кийип чыгып, талкууга жем таштаган. Айрымдар анын мындай «образы» маданиятка каршы келерин айтып чыкса, кээ бири анын тайманбастыгын айткан.

Бул боюнча Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигине караштуу Кинематография департаменти төмөндөгүлөрдү билдирди.

«Кинематография департаменти тарабынан Кинематография департаментинин директорунун орун басарына эскертүү , кинофестивалдын директоруна ,уюштуруучуларга жана тиешелүү кызматкерлерге кызматтык сөгүш берилди. Кинематография департаменти маданиятка каршы багытталган аракеттерди колдобойт жана кабылдабагандыгын билдирет»,- деп айтылат маалыматта.

 

 

Посмотреть эту публикацию в Instagram

 

Публикация от Жетинчи Канал (@7kanal_official)

365