7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Финпол: Өзгөчө ири өлчөмдөгү акча каражатын ыйгарып алуу фактысы аныкталды

347

Ысык-Көл облусу боюнча финансы полициясы “Балыкчы шаарына видео байкоону орнотуу” долбоорун ишке ашырууда жумуштун көлөмүнүн наркын жогорулатуу фактысы боюнча сотко чейинки өндүрүштү жүргүзүүдө. Бул тууралуу аталган мекеменин басма сөз кызматты билдирди.

Ысык-Көл облусун өнүктүрүү фондун башкаруу боюнча дирекциясы менен “Н.С” ЖЧКсынын ортосунда 2018-жылы аталган долбоорду ишке ашыруу үчүн 10 миллион сомго жакын суммадагы келишим түзүлгөндүгү аныкталды. Берилген маалыматтарга ылайык, бул объект боюнча аппараттык- программалык комплекстер 7 миллион сомго жакын суммага сатылып алынган, бирок аткарылган жумуштардын актысында аталган аппараттык комплекстер 2 миллион сомго көтөрүлгөн айырма менен эсептен чыгарылган.


Ошондой эле, аткарылган жумуштардын актысынын жалпы наркы КНС менен кошо көрсөтүлөт, ал эми “Н.С” ЖЧКсы жумуш тапшырылган учурда КНС төлөөчү болгон эмес жана аткарылган жумуш үчүн салыктын ушул түрүн төлөгөн эмес.
Ошентип, аталган ЖЧКнын мыйзамсыз иш-аракеттеринин натыйжасында мамлекеттин бюджетине 3 миллион сомго жакын суммада өзгөчө ири өлчөмдө зыян келтирилген.
Учурда, кызмат адамдарынын катыштыгы аныкталып, келтирилген зыяндын ордун толтуруу чаралары көрүлүүдө

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

348