7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Январь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1234
567891011
12131415161718
19202122232425
262728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Фото: Коронавирус менен күрөшүп каза болгон Адинайга эстелик тургузулду

1017

12-июль Медицина Академиясынын жаңы конференция залына, Адинай Мырзабекованын эстелиги орнотулду. Колодон жасалган Адинайдын элесин анын курстташтары, 2021-жылкы бүтүрүүчүлөр жасаган. Бул тууралуу Академиянын жамааты кабарлашты.

Ачылуу аземине Кыргыз Мамлекеттик Медицина Академиясынын ректору, профессор Индира Кудайбергенова баштаган окуу жайдын жамааты, Адинайдын туугандары жана курсташтары катышкан.

Эске салсак, Адинай Мырзабекова былтыры, 2020-жылдын 13-июль күнү, пандемия күчөп турган кезде, иш үстүндө каза болгон. Өлүмдүн себеби эки жактуу пневманияга кабылган деп бир айтылса, башка бир булактар Адинай тынымсыз иштегенден улам, күйүгүп калган дешет.

Каза болгондон соң, Президенттин буйругу менен «Эрдик» медалы ыйгарылган.  Ал Медицина Академиясында студент жана Бишкек шаарындагы клиникалардын биринде медайым болуп иштеген.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

1018