7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Январь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1234
567891011
12131415161718
19202122232425
262728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Фото/ Президент 5 өлкөгө Кыргызстандын элчилерин дайындады

3565

Президент Садыр Жапаров Кыргыз Республикасынын чет өлкөлөрдөгү атайын жана ыйгарым укуктуу элчилери менен башкы консулдарын дайындады.

Ага ылайык:

Базарбаев Таалай Чолпонбекович Кыргыз Республикасынын Италия Республикасындагы Атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси жана Кыргыз Республикасынын Бириккен улуттар уюмунун Азык-түлүк жана айыл чарба уюмундагы, Бириккен улуттар уюмунун Бүткүл дүйнөлүк азык-түлүк программасындагы жана Айыл чарбаны өнүктүрүү эл аралык фондундагы туруктуу өкүлү болуп дайындалды;

Карагулов Азамат Омарбаевич Кыргыз Республикасынын Кувейт Мамлекетиндеги Атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси болуп дайындалды;

Султанов Талант Кушчубаевич Кыргыз Республикасынын Түркмөнстандагы Атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси болуп дайындалды;

Арипов Назарали Турдалиевич Кыргыз Республикасынын Алматы шаарындагы (Казакстан Республикасы) Башкы консулу болуп дайындалды;

Сыдыкова Лира Эсенгуловна Кыргыз Республикасынын Стамбул шаарындагы (Түркия Республикасы) Башкы консулу болуп дайындалды.

 

 

 

 

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

3566