7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Футбол боюнча улуттук курама команда Азиянын учурдагы чемпиону–Катар курамасын кабыл алат

366

2026-жылкы Дүйнө чемпионатына тандоо турунун экинчи раундуда Кыргызстандын Улуттук курама командасы тарыхта алгачкы жолу үчүнчү раундга жолдомо камсыздап, 2027-жылкы Азия Кубогуна чыккан.

25-мартта 2026-жылкы Дүйнө чемпионатына тандоо оюндарынын үчүнчү  раунду алкагында Кыргызстандын улуттук курама командасы, Азиянын  учурдагы чемпиону Катар курамасы менен беттешет.

Оюн борбор калаанын башкы аренасы – Д.Өмүрзаков атындагы стадионунда өтүп, саат 18:00до башталат.

Белгилей кетсек, бул 2025-жылдагы улуттук курама команданын өз үйүндөгү алгачкы беттеши. Үчүнчү баскычта 18 курама алты командадан турган үч тайпага бөлүнөт. Бул этаптагы оюндардын жыйынтыгы боюнча ар бир тайпадан эң мыкты эки команда 2026-жылкы Дүйнөлүк биринчиликке жолдомо алышат. Төртүнчү квалификациялык раундда Азиядан дагы эки катышуучуну аныкталат жана континенттер аралык плей-офф аркылуу Дүйнөлүк чемпионатка катышуу үчүн дагы бир орун үчүн күрөш жүрөт. Биздин курама команда Иран, Катар, БАЭ, Түндүк Корея жана Өзбекстандын курама командалары менен биргеликте «А» тайпасында жайгашкан.

 

367