7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Футбол боюнча улуттук курама команда Катар курамасын кабыл алат

352

2026-жылкы Дүйнө чемпионатына тандоо экинчи раунду алкагында Улуттук курама командасы тарыхта алгачкы жолу үчүнчү раундга жолдомо камсыздап, 2027-жылкы Азия Кубогуна чыккан.

25-мартта 2026-жылкы Дүйнө чемпионатына тандоо оюндарынын үчүнчү раунду алкагында Кыргызстандын улуттук курама командасы, Азиянын учурдагы чемпиону Катар курамасы менен беттешет.

Оюн борбор калаанын башкы аренасы Д.Өмүрзаков атындагы стадионунда өтүп, саат 18:00дө башталат.

Белгилей кетсек, бул 2025-жылдагы улуттук курама команданын өз үйүндөгү алгачкы беттеши. Үчүнчү баскычта 18 курама алты командадан турган үч тайпага бөлүнөт. Бул этаптагы оюндардын жыйынтыгы боюнча ар бир тайпадан эң мыкты эки команда 2026-жылкы Дүйнөлүк биринчиликке жолдомо алышат.

Төртүнчү квалификациялык раундда Азиядан дагы эки катышуучуну аныкталат жана континенттер аралык плей-офф аркылуу Дүйнөлүк чемпионатка катышуу үчүн дагы бир орун үчүн күрөш жүрөт. Биздин курама команда Иран, Катар, БАЭ, Түндүк Корея жана Өзбекстандын курама командалары менен биргеликте «А» тайпасында жайгашкан.

353