7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Февраль 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
232425262728  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Футзал боюнча улуттук кураманын Азия кубогунун тандап алуу оюндарындагы атаандаштары аныкталды

316

Бүгүн, 26-июнь күнү Азия футбол конфедерациясынын баш кеңсесинде футзал боюнча 2026-жылкы Азия Кубогунун тандап алуу оюндарына чучукулак тартуу аземи орун алды.

Анын жыйынтыгында, командалар 8 тайпага бөлүндү. Кыргызстандын футзал боюнча Улуттук курамасы «F» тайпасында орун алды. Биздин курам менен кошо тайпада Өзбекстан, Чыгыш Тимор жана Палестина курамалары жайгашты.

Азия биринчилигинин «F» тайпасындагы тандап алуу оюндары 2025-жылы 16-28 сентябрь күндөрү Бишкек шаарында өтөт.

Финалдык баскычка тайпалардын сап башын ээлеген 8 команда, экинчи орундарын ээлеген 7 мыкты курама жана турнирдин ээси жолдомо алат. Баары болуп турнирге континенттин 16 командасы катышат.

Азия Кубогунун финалдык баскычы Индонезияда орун алат.

317