7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июль 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
28293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Гүлжайна Атаканованын иши боюнча кармалган жаран үй камагына чыкты

1106

Буга чейин куудул Гүлжайна Атаканова алданып калганын айтып,  Super TVга маек берген. Анда куудул айым 40 миң долларлык унаасын таанышына 10 миң долларга күрөөгө коюп бергенин, ал адам унаасын чыгара албай калганын, ал эми күрөөгө алган жарандар «унаа тетикке кеткен» дегенин айткан.

Ортодо бул окуяга жардам берем деген Шоола аттуу аял киши андан 1 миң доллар сураганын, 40 миң сом алганын, бирок жардам бербей кеткенин айтып, президентке кайрылган.

Бул иш боюнча Ленин райондук сотуна кайрылганыбызда, аталган жаран соттун чечими менен 2 айга үй камагына чыкканы маалым болду.

«А.Ш.Мга карата бөгөт коюу чарасы катары 8-июлга чейин үй камагы каралды»- дешти.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

1107