Сузакта жол кырсыгы катталып, 3 адам каза болгон. Кырсыкка шектелген айдоочу убактылуу кармоочу жайга киргизилгенин Жалал-Абад ОИИБден билдиришти.
Эскерте кетсек, 28-апрель күнү Сузак районунун аймагында “Деу-Нексия” жана “Мерседес-Бенц” автоунаалары сүзүшүп жол кырсыгына кабылган. Натыйжада «Деу-Нексия» автоунаасында жүргүнчү болуп бара жатышкан 3 жаран каза болуп калган. Ал эми айдоочусу ооруканага жаткырылган.
Бул окуя боюнча кылмыш иши козголгон.