7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Гемодиализ имаратын курбай качып жүргөн жетекчи кармалды

756

Жалал-Абад облусунун Токтогул шаарында Өнөкөт бөйрөк жетишсиздигинен жабыркагандар үчүн гемодиализ борборунун имаратын куруу боюнча милдеттенмелерди аткарбагандыгы үчүн ЖЧКнын директору кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 2021-жылдын октябрь айында «Жалал-Абад облусунун атайын эсебинин каражаттарын башкаруу боюнча дирекциясы» мамлекеттик мекеме Токтогул районундагы Жалпы медициналык практика борборунун аймагына жалпы суммасы 15 млн 941 миң 684 сомго гемодиализ борборун курууга тендер жарыяланган, анда тендердин жыйынтыгы боюнча сунушталган 12 млн 907 миң 508 сом менен «А.С.С.» ЖЧК жеңүүчү деп табылган. Бирок аталган мекеменин директорунун эсебине 7 миллион 781 миң сом түшүп, 2022-жылы курулуш иштеринин 10%ын гана бүтүрүп, дайынсыз жоголгон.

Учурда кармалган адам УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилип, тергөө амалдары жүрүп жатат.

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

757