7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Германиянын президенти Франк-Вальтер Штайнмайер кыргыз башчысын кызмат орду менен куттуктады

320

Германия Федеративдүү Республикасынын Президенти Франк-Вальтер Штайнмайер Садыр Жапаровду Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына шайланышы менен куттуктады. Бул тууралуу президенттин аппаратынын басма сөз кызматы билдирди.


«Сиз Президенттик кызматка кыйын мезгилде келип жатасыз. Кыргызстандагы коронавирус пандемиясына байланыштуу оор жүк менен катар демократия жаңы чакырыктарга кабылып жатат.


Биздин өлкөлөрдүн ортосундагы достук байланыштар дээрлик 30 жылдан бери келатат. Германия Кыргызстандын көп жылдан берки өнөктөшү катары биздин тыгыз жана ишенимге негизделген өнөктөштүгүбүз мындан ары да уланат деп бекем ишенет. Биз мындан ары да Сиздин өлкөңүздү демокаратияны алга жылдыруу, мыйзам үстөмдүгү жана коомдун бардык катмарын камтыган туруктуу өнүгүү жолунда колдоого алабыз.


Сизге албан-албан ийгиликтерди жана Президенттик кызматыңыздагы маанилүү милдеттердин жеңил чечилишин каалайм», — деп айтылат куттуктоо телеграммасында.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

321