7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

«Героин» менен кармалгандар 13 жылга эркинен ажыратылды

608

Кыргызстан менен Казакстандын чектеш аймактарынын жашоочулары тарабынан уюштурулган оор баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүү каналына бөгөт коюлган. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

«Кылмыш-жаза кодексинин 282-беренеси (Баңги каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатуу максатында мыйзамсыз даярдоо) боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында УКМК тарабынан КРнын жарандары З.Э.З. жана Ш.Э.Дж., ошондой эле Кыргызстандын жана башка мамлекеттердин аймагына баңги каражаттарынын ар кандай түрлөрүн ташуу жана таратуу боюнча туруктуу канал уюштурган коңшу өлкөнүн жарандары аныкталган. Натыйжада, 2022-жылдын 13-ноябрында Чүй облусунун Жайыл районундагы «Сосновка» постунан 1105 грамм салмактагы «героин» баңгизатын (кара базарда баасы 5 миллион сомго жакын) ташып бара жаткан жеринен Талас районунун тургундары жана бул каналдын уюштуруучусу кармалган»,- деп берилет маалыматта.

Жайыл райондук сотунун чечими менен аталган эки жаран мүлкүн конфискациялоо менен 13 жылга эркинен ажыратылды.

 

609