7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Грек-рим күрөшү боюнча дүйнө чемпионатында күмүш байгеге ээ болгон спортчуну тосуп алышты

492

Ош эл аралык аэропортунда грек-рим күрөшү боюнча 20 жашка чейинкилер арасындагы Дүйнө чемпиондугунун күмүш байге ээси Жантөрө Мирзалиевди салтанаттуу тосуп алышты Бул тууралуу Ош мэриясынан билдиришти.

Ага Ош шаардык дене тарбия жана спорт комитетинин төрагасы Бекдөөлөт Абакиров, машыктыруучулар, спортчулар жана жакындары катышып, күмүш медал ээсин куттуктап, ийгиликтерди каалашты.

Белгилей кетсек, бир күн мурун Жантөрө Мирзалиев Иорданиянын борбору Амман шаарында өткөн 60 килограммга чейинки салмак ченинде Дүйнө чемпиондугунда 2-орунду ээлеген. Спортчу Украина, АКШ жана Казакстан өлкөлөрүнөн катышкан атаандаштарын жеңип, финалдык беттеште ирандык спортчуга жеңилип калган.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

493