7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Грек-рим күрөшү боюнча курама команда Токиого сапар алды

1353

Бүгүн, 27-июль  грек-рим күрөшү боюнча Кыргыз Республикасынын Олимпиадалык курама командасы Токиого сапар алды. Спортчуларды грек-рим күрөшү боюнча федерациясынын вице-президенти Канат Бегалиев жана федерация өкүлдөрү, балбандардын жакындары, достору жана күйөрмандары узатышкан.

«Пекин 2008» жайкы Олимпиада оюндарынын күмүш медалынын ээси Канатбек Бегалиев: «Силердин мындан аркы ийгилигиңер өзүнөрдөн көз каранды. Жалпы кыргыз эли силерди колдойт! Жолуңар байсалдуу болуп, байгелүү келишиңиздерге тилектешмин»,- деп билдирди.

Грек-рим күрөшү боюнча курама команданы улук машыктыруучу Улукбек Карачолоков жана башкы машыктыруучу Азат Эркинбаев жетектейт.

Белгилей кетсек, биринчилерден болуп 1-августта саат 8:00 до, 60 кг салмака чейинкилер арасында Жоламан Шаршенбеков килемге чыгат. Ал эми 2-августта 77 жана 97 кг салмака чейинкилер арасында Акжол Махмудов жана Үзүр Жусупбеков өлкө намысын коргомокчу. 3-август саат 8:00 до, 87 кг салмака чейин Атабек Азизбеков дүйнөнүн мыктылары менен күч сынашат.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

1354