7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

“Хизбут-Тахрир” ДЭУнун 12 лидери жана активдүү мүчөлөрү кармалды 

936

УКМК тарабынан Жалал-Абад облусунун Аксы районунда жашыруун иштеп жаткан “Хизбут-Тахрир” ДЭУнун көмүскө ячейкасынын ишмердүүлүгү токтотулду. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Ушул жылдын 1-майында Кылмыш-жаза кодексинин 331-беренесинин (Экстремисттик уюмду түзүү жана каржылоо) негизинде козголгон кылмыш ишинин алкагында Кыргыз Республикасында тыюу салынган “Хизбут-Тахрир” ДЭУнун 4 лидери жана 8 активдүү мүчөсү кезектеги айлык чогулушун өткөрүү учурунда Аксы районунун Кербен шаарынан кармалды.

Тинтүү иштеринин натыйжасында көп сандагы экстремисттик мүнөздөгү адабияттар, баракчалар, уюлдук телефондор, системалык блоктор, электрондук маалымат каражаттары жана ячейканын каржылык ишмердүүлүгү тууралуу маалыматтар алынды.

Бул адамдар экстремисттик идеологияны жайылтуу максатында системалуу жана конспирациялык негизде диний сабактарды өткөрүшүп, ошондой эле социалдык тармактар аркылуу экстремисттик материалдарды таратышкан.

Кармалгандар Жалал-Абад шаарынын тергөө камак жайына киргизилип, алардын кошумча кылмыштуу байланыштарын аныктоо боюнча ыкчам-тергөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

937