7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Январь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1234
567891011
12131415161718
19202122232425
262728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Ички иштер министринин кармашып урушуу боюнча кубогунун ачылышы болду

469

Бүгүн, 13-октябрда Бишкек шаарындагы Каба уулу Кожомкул атындагы спорт ордосунда, кыргыз милициясынын 100-жылдыгына карата, кармашып урушуу боюнча Кыргыз Республикасынын Ички иштер министринин кубогунун ачылышы өткөрүлдү.

Ачылыш аземинде Кыргыз Республикасынын Ички иштер министринин орун басары милициянын генерал-майору Октябрь Урмамбетов, Ички аскерлердин кол башчысы полковник Дамир Алыбаев, кармашып урушуу федерациясынын президенти Рамис Кыдыралиевдер катышты.

Аталган мелдешке күч түзүмдөрдүн 16 командасы күч сынашууда. Мелдеш 2024-жылдын 14-октябрында жыйынтыкталат.

470