7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июль 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
28293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

ID-картага жарандын этностук таандыгы тууралуу графа киргизилди

220

Кыргыз Республикасынын жарандарынын идентификациялык картасына – ID-картасына этностук таандыкты көрсөтө турган графа киргизилди. Тийиштүү токтомго Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин милдетин аткаруучу, биринчи вице-премьер-министр Артем Новиков кол койду. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.


Маалыматка ылайык, бул чечим Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун Конституциялык палатасынын чечимин ишке ашыруу максатында кабыл алынган.


«Конституциялык палата паспортко этностук таандык графасын көрсөтпөө боюнча 2017-жылы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтому менен бекитилиген чечим Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 38-беренесине карама-каршы келет деп тааныган. Ошондой эле буга чейин кабыл алынган чечимдин негизинде ар бир адамдын өзүнүн этностук таандыгын эркин аныктоо жана көрсөтүүгө карата укугун кепилдөө бузулганын белгилеген. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жаңы кол коюлган токтомуна ылайык, Кыргызстандын жарандары өз эрки менен ID-паспортуна улутун көрсөтө алат», — деп берилет маалыматта.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

221