7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

ИИМ: Алдамчылык менен 5 миллион сомго жакын пайда тапкан кылмышкер кармалды

212

2019-жылдын күз айларында мыйзамсыз аракеттердин курмандыгы болгон жарандардын айыпталуучусу кармалды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, шектүү унааларды ээлерине маалымдабай сатып жүргөн, андан кийин акча каражаты менен изин жашырып кеткен. Алдамчылык фактылары боюнча арыздарды кымбат баалуу автоунаалардын ээлери гана эмес, шектүү адамдан унаа сатып алгандар дагы жазган. Арызында жабырлануучулар ири алдамчылык аракеттерди жасаган Канатбек аттуу бейтааныш адамга карата мыйзам чегинде чара көрүүнү суранышкан. Кол салган адам оңой эле жарандардын ишенимине кирип, алдамчылык жол менен мүлктү жана ири өлчөмдөгү акчаны ээлеп алган, ошол эле учурда ал өзүн ийгиликтүү ишкер катары тааныштырып жүргөн.


Ал 2019-жылдын ноябрь айынын ортосунда алдамчылык жол менен отуз жети жаштагы жарандын 13 миң долларлык “Тойота Приус” үлгүсүндөгү автоунаасын ээлеп алган, андан соң из жашырып кеткен. Унаанын ээсине келтирилген материалдык чыгым 908 миң сомдон ашык, ал кездеги доллардын расмий курсу 69,85 сом болгон.
Бир аздан кийин ал ошол эле жылдын ноябрь айында жогорудагы автоунааны башка жаранга 5 миң 700 АКШ долларынан ашык акчага сатып жиберип, алган акчасын өзүнө ыйгарып алып, качып кеткен.


Алдамчылык иш-аракеттеринен жабыр тарткан унаанын ээси милицияга арыз менен кайрылган.


Укук коргоо органдары келип, унааны материалдык далил катары алышкандан кийин, автоунааны сатып алган адам дагы ички иштер органдарына арыз менен кайрылган. Анын айтымында, ага дээрлик 400 миң сом зыян келтирилген.
Мындан тышкары, 2019-жылдын декабрь айында Бишкек шаарында аталган жаран ушул эле алдамчылык жол менен 25 жаштагы жарандын баасы 12 миң АКШ доллар турган “Lexus RX 330” үлгүсүндөгү автоунааны ээлеп алган. Шектүү бир аз убакытка унааны пайдаланып турууну сураган, андан кийин ал автоунааны башка жаранга болжол менен 7 миң долларга сатып жиберип, акчаны алып качып кеткен. Алданган унаа ээси милицияга арыз жазган. Улуттук банктын тактамасына ылайык, ошол учурда доллардын курсу 69,8357 сом болсо, келтирилген материалдык чыгым 837 миң сомдон ашкан.

«Бул факт КЖБРге катталып, сотко чейинки өндүрүштү Бишкек шаарынын Биринчи май райондук ИИБнын Тергөө кызматы Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 204-беренесинин 2-бөлүмү «Алдамчылык» менен жүргүзүүдө. Мындан тышкары, 2020-жылдын январь айында борбордун базарларынын биринде ишкердин ишенимине кирип, жалпы баасы 1 миллион 40 миң сомдон ашкан 20 тонна мандариндерди алдап алып, белгисиз тарапка качып кеткен. Бул факт КЖБРге катталган. Жасалган кылмыштардын резонансын жана мүнөзүн эске алуу менен, Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Криминалдык милиция кызматынын ыкчам кызматкерлери мындан аркы ыкчам-иликтөө иш-чараларына жүргүзүүгө киришкен. Жүргүзүлгөн ыкчам иш-чаралардын натыйжасында, бир катар алдамчылык аракеттерге шектелип, мурда соттолгон Алимжанов Канатбек Алимжанович, ал эле Бөкөнов Канатбек Алимжанович, жердиги Ош облусунан болгон борбордун жашоочусу кармалган. Кармоо операциясы Ички иштер министрлигинин КМКнын ыкчам кызматкерлери тарабынан 2020-жылдын декабрь айынын аягында Чүй облусунун Сокулук районунда жүргүзүлгөн. Соттун чечими менен аталган жаранга карата эки айлык мөөнөткө камакка алуу түрүндө бөгөт чарасы тандалды», — деп берилет маалыматта.


Жогоруда айтылгандар бир эле адам тарабынан жасалгандыгын эске алып, толук жана объективдүү тергөө максатында, кылмыш ишинин материалдары бир өндүрүшкө бириктирилген. Сотко чейинки тергөө амалдарын Биринчимай райондук Ички иштер башкармалыгынын Тергөө кызматы жүргүзүүдө. Учурда жабырлануучуларды табуу, жаран Алимжанов (Бөкөнов) Канатбек Алимжанович катышкан башка алдамчылык фактыларын аныктоо максатында тергөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

213