Кылмыштуу жол менен алынган кирешелерди мыйзамдаштырууга шектелген фармацевтикалык компания аныкталды. Бул тууралуу ИИМден билдиришти.
Аталган фармацевтикалык компания Кыргызстандын аймагында экономикалык иш жүргүзгөн аталган фармкомпаниялар тармагы аркылуу дарыканаларда дары-дармектердин айрым түрлөрүн сатышкан. Дары-дармектерди сатуудан түшкөн акча жашырылып, мындай операциялар бухгалтердик эсепке алынган эмес.
Текшерүүнүн жүрүшүндө аталган компаниянын башкы кеңсеси Азербайжанда жайгашкандыгы, ошондой эле бир нече филиалдары жана медициналык клиникалары бар экендиги аныкталган. Кыргызстандын аймагында «RV» жана «RO» жоопкерчилиги чектелген коомдорунун филиалдары 2018-жылы катталган. Ишмердүүлүгүнүн түрү — фармацевтикалык товарларды дүң сатуу болуп эсептелет, анын негиздөөчүсү жана жетекчиси 1987-жылы туулган Азербайжандын жараны болуп аныкталган.
«Жогоруда аталган фармацевтикалык компаниянын өкүлдөрү менен дарыгерлердин ортосунда макулдашуу болгондугу тууралуу маалыматтар бар, алар мындан ары пациенттерди “жогоруда аталган фирмалардын” дары-дармектерин сатып алууга ынандырышкан. Медицина кызматкерлери сатылган дары-дармектердин наркынан “пайыздарды” алып келгендиги аныкталган. Көрсө, айрым дарыгерлер өздөрү дары-дармектерди сатууну ишке ашырууга көздөп, оорулуу жарандарга жогоруда аталган компаниядан сатып алууну сунушташкан. Тинтүү жүргүзүлүп, анын жүрүшүндө бухгалтердик жана финансылык документтер, жок кылууга даярдалган тытылган каржылык документтер, мөөрлөр, ноутбуктар, компьютерлер жана дары-дармектер аныкталып алынган»-деп берилет маалыматта.
«RO» жана «RO» ЖЧКнын директору жана аталган фирманын бухгалтери кармалып, Бишкек ШИИББнын убактылуу кармоо жайына киргизилген. Бишкек шаарынын Биринчи май райондук соту тарабынан айыпталуучуларга карата 1 айлык мөөнөткө камакка алуу түрүндө бөгөт коюу чарасы тандалган. Учурда тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.