7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

ИИМ: Каржы пирамидасы жарандарды алдоо менен өнүгүп жатат

752

Ички иштер министрлиги жарандарга каржы  пирамидалардын ишинин мыйзамсыздыгы жөнүндө жана жарандарга «инвестициялардын» ордуна жеңил жана тез киреше сунуш кылган бүтүмдөргө катышпоону эскертет. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, өлкөбүздө жыл сайын бир нече он миңдеген жарандар каржы пирамидалардын курмандыгы болушат. Ар кандай каржы пирамидалар жарандардын чөнтөгүнөн алынган акча менен өнүгүп жатат.

Алдамчылар кыймылсыз мүлк, облигациялар жана акцияларды сатып алууну сунушташат, жогорку кирешелүү интернет долбоорлоруна, курулушка жана айыл чарбасына акча салууга убада беришет. Жогорку натыйжалуу өндүрүшкө инвестиция салууга үгүттөп келишет.

«Көпчүлүк жабырлануучулар акчаларынан кол жууганына моюн сунушуп, алдамчыларга карата эч кандай аракет көрүшпөйт. Анын натыйжасында   башка адамдарды алдоону улантууга өбөлгө түзүлүүдө. Эгер сиз алданып калган болсоңуз, анда мыйзам чегинде укугуңузду коргоого аракет кылыңыз!

Урматтуу жарандар, эгерде сиз же сиздин жакындарыңыз каржы пирамидасынын курмандыгы болсо же сизге карата укукка каршы аракеттер болуп жатат деп шектенип жатсаңыз — Ички иштер органдарына токтоосуз кайрылыңыз»,- деп берилет билдирүүдө.

ИИМ жарандарга мамлекетибиздин мыйзамдуу өкүлдөрү болгон мамлекеттик банктарга жана ипотекалык компаниялар менен гана өз ара кызматташууну сунуш кылат.

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

753