7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Түптө 17 миллиондон ашык сомго бааланган 49,8 гектар айдоо жер мамлекетке кайтарылды

1048

Ысык-Көл облусунун Түп райондук прокуратурасы тарабынан мыйзамсыз жеке менчикке берилип кеткен жана мыйзамсыз ээлеп алып пайдаланып келишкен айыл чарба жерлерин мамлекетке кайтаруу иш аракеттери жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти.

Текшерүүдө Түп райондук мамлекеттик администрациясынын токтомдору менен 3 дыйкан чарбасына жалпы 49,8 гектар айдоо жер аянттары мыйзамсыз берилип кеткендиги аныкталган.

Айдоо жер аянттарын мамлекетке кайтаруу үчүн райондук прокуратура тарабынан сотко келтирилген доо арыздар толугу менен канааттандырылган. Айыл өкмөт башчысына келтирилген прокурордук талаптын негизинде 17 миллион 688 миң сомго бааланган 49,8 гектар айдоо жер аянттары мамлекетке кайтарылды.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

1049