Өлкөдө 5-апрелге карата коронавирустун жаңы учуру катталган жок. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.
Маалыматка ылайык, акыркы суткада 9 адам илдеттен сакайып чыгып, каза болгон учур катталган жок.
Пандемия башталгандан бери 200 миң 968 адам коронавирус жуктуруп, анын ичинен 2 миң 991 адам каза болду.
Эскерте кетсек, кечээ, 4-апрелде да бул илдеттин жаңы учуру катталган эмес.