Ысык-Ата районунун Кант шаарынын Ломоносов көчөсүндөгү сууда (дренаж) 55 жаштагы В.Ю. аттуу эркек адамдын жансыз денеси табылган. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы билдирет.
Маалыматка ылайык, жерине ӨКМдин 4 куткаруучусу тартылып, маркумдун жансыз денесин суудан чыгарып ИИМ кызматкерлерине өткөрүп беришкен.