7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

ИИМ медицина кызматкерине талыкпаган эмгеги үчүн үй алууга жардам берди

507

Акылжан Орозунбетова медициналык кызматкер, 40 жылдан бери өз кесиби менен иштейт. 2016-жылдан тартып ИИМде эркин жалдануучу кызматкери болуп эмгектенип, ИИМдин Финансы-чарбалык камсыздоо башкы башкармалыгынын авто-чарба бөлүмүндө фельдшер болуп эмгектенип келет.

Акылжан Орозунбетова сегиз баланы тарбиялап жаткан Баатыр эне. Жакында эле Акылжан эже ипотекалык программа боюнча батир алып, өткөн жана азыркы жашоосу тууралуу айтып берди.

«Мен үй-бүлөм менен узак убакыт бою ар кандай батирлерде жашадым. Балдар жайкысын көчөдө уктап калышкан, анткени алар барак үйүнүн бир бөлмөсүндө жашашкан. Ал эми бир күнү, жол чарба бөлүмүнүн башчысы документтерди чогултуу жана батир алуу үчүн кезекте турууну сунуштады.

Ошентип, убактысы келгенде, көп балалуу үй-бүлө катары бизге жеңилдетилген ипотека боюнча батир берилди. Өлкөнүн жетекчилигине чоң рахмат. Президентке, премьер-министрге жана ИИМ жетекчилигине ыраазычылык билдирем, Сиздер бизге абдан жардам бердиңиздер», — деди Акылжан эже.

508