7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
28293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Таласта 3 миңдей окуучу “Манас” айтышты

277

30-апрелде  Талас шаарынын борбордук аянтында  «Урааным Манас» аталышындагы «Манас» айтуу боюнча республикалык кароо-сынагынын алкагында  3 миңдей окуучу «Манас» айтышты. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдирди.

Аталган сынак КР Президенттин «Кыргыз элинин баа жеткис руханий мурасы – «Манас» эпосунун үчилтигин («Манас», «Семетей», «Сейтек» эпосторун) ар тараптан изилдөө жана популярдаштыруу боюнча кошумча чаралар жөнүндө» жарлыгын аткаруу, улуттук маданий жана руханий дөөлөттөрдү сактап калуу максатында  жана алп манасчы С. Каралаевдин 130 жылдык мааракесине, У. Мамбеталиевдин, С. Касманбетовдун 90 жылдык мааркесине карата 44 район, 32 шаарда өткөрүлүүдө.

Белгилей кетсек,  былтыркы жылы  өлкө боюнча   кароо-сынакка  100 миңдей окуучу катышкан болсо быйылкы жылы 500 миңден ашык окуучу катышууда. Кароо-сынактын жыйынтыгы Кыргыз Улуттук Манас театрынында май айынын аягында жарыяланат. Жеңүүчүлөр баалуу белектер, акчалай сыйлыктар менен сыйланышат. Кароо-сынактын жалпы байге фонду 3 млн сом.

 

 

278