7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Февраль 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
232425262728  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

ИИМ Рыскелди Момбековду суракка чакырды

716

Ички иштер министрлиги  бүгүн, Жогорку Кеңештин депутаты Рыскелди Момбековду октябрь окуяларына байланыштуу суракка чакырды.

Маалыматка ылайык, буга чейин «Реформа» партиясынын лидери Клара Сооронкулова дагы октябрь окуяларына байланыштуу 23-июнга ИИМге суракка чакыртылган.

Милиция октябрь окуяларынан улам оппозициялык саясатчы Жеңиш Молдокматовду камаган. Ага алгач «УКМКнын имаратын басып алууга аракет кылган» деген айып коюлган. Кийин мындай берене өзгөрүп, октябрь окуяларында «калайман башаламандык уюштурган» деген күнө тагылган.

Эскерте кетсек, былтыр 4-октябрдагы парламенттик шайлоонун жыйынтыгынан улам нааразылык чыгып, калайман тополоң бийлик алмашуу менен аяктаган.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

717