Ички иштер министрлиги жана анын аймактык ички иштер органдары күн сайын социалдык тармактардагы, мессенджерлердеги материалдарды көзөмөлдөөдө. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, кастыкты же араздашууну козутууга жана расасы, улуту, тили, этносу боюнча адамдардын ар-намысын кемсинтүүгө багытталган маалыматтар аныкталган учурда дароо тиешелүү чаралар көрүлөт.
«Региондор ортосундагы (улуттар ортосундагы) кастыкты козутуу белгилерин камтыган материалдарды даярдоо жана жайылтуу менен жарандар Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 313-беренесине (расалык, этникалык, улуттук, диний же региондор ортосундагы кастыкты (араздашууну) козутуу) ылайык кылмыш жоопкерчилигине тартыла тургандыгын эскертебиз. Мыйзамын билбегендик жарандарды кылмыш жоопкерчилигинен бошотпойт«, — деп айтылат билдирүүдө.
Ошондой эле жарандарды социалдык тармактар жана интернет аркылуу чагымчыл маалыматтарды таратпоого чакырат. Эгер жогорудагы фактыларды байкап калсаңыз ички иштер органдарына -102 кызматы аркылуу маалымдоону сунуштайт.