Бириккен улуттар уюмунун качкындар боюнча жогорку комиссариаты Афганистанга коңшу өлкөлөрдү согуштан баш паанек издеген жарандарга чек араларын жаппоого чакырды. Бул тууралуу Женевада өткөн брифингде уюмдун расмий өкүлү Шабия Манту билдирген.
Анын айтымында, жыл башынан бери 400 миңге жакын жаран үйлөрүн таштап кетүүгө аргасыз болгон. Ошондой эле Афганистандын көптөгөн аймактарындагы туруксуздукту эске алганда, жарандар өз өлкөсүнөн тышкаркы эл аралык коргоого муктаж болуп жаткандыгы күн сайын ачык-айкын билинүүдө.
Талибан террордук кыймылынын аскерлери өлкөнүн экинчи чоң шаары Кабулдан 600 чакырымдай алыстыкта жайгашкан Кандагарды басып алуу ниеттери бар экенин ачык эле жарыялашкан.
Афганистандагы кырдаал 2021-жылдын май айында АКШ аскерлерин өлкөдөн алып чыгып кеткенден тарта курчуп баштаган. АКШнын Мамлекеттик департаментинин өкүлү Нед Прайстын айтымында, Кабулдагы америкалык дипломаттар менен АКШ элчилигинин кызматкерлерин эвакуациялоону камсыздоо үчүн 3 миңге жакын америкалык аскер Афганистанга жөнөтүлөт.