7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

ИИМ: Тажикстандын Тышкы иштер министрлигинин маалыматы чындыкка дал келбейт

570

Тажикстандын Тышкы иштер министрлигинин тажик-кыргыз чек арасындагы кырдаал боюнча уюштурган брифингинде чындыкка дал келбеген маалыматтар айтылды. Бул тууралуу ИИМДин басма сөз кызматы билдирди.

Алардын айтуусунда, Бишкекте жана Кыргызстандын башка ири шаарларында тажик улутундагы жарандарды жарандыгына карабай, аларга карата мыйзамсыз зомбулук аракеттери колдонулган: аларды сабап, белгисиз тарапка алып кетүү.

Буга байланыштуу, Ички иштер министрлиги Тажикстандын Тышкы иштер министрлиги тараткан билдирүү чындыкка дал келбестигин жана эч кандай фактылар менен тастыкталбаганын билдирет.

Башка мамлекеттин улутуна же жарандыгына карап эч кандай мыйзамсыз аракеттер же басмырлоо акыркы убакта реалдуу түрдө болгон эмес жана мындай фактылар катталган эмес. Биздин республикада 80 ашык ар түрдүү улуттардын өкүлдөрү жашайт. Алар үчүн Кыргызстан Мекени болуп эсептелет.

Мамлекетибиздин аймагында жашаган жарандардын укуктары жана эркиндиктери республиканын Конституциясы, мыйзамдары менен корголот. Эч ким социалдык, кызматтык жана мүлктүк абалына, жынысына, расасына, улутуна, тилине, динге болгон мамилесине же башка жагдайларга карата басмырлоого дуушар болушу мүмкүн эмес.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

571