7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

ИИМде мыйзамсыз миграцияга каршы күрөшүү маселелери талкууланды

75

Бүгүн, 4-июнда ИИМдин борбордук аппаратында аппараттык онлайн-кеңешме өткөрүлдү.

Ага Ички иштер министри милициянын генерал-лейтенанты Улан Ниязбеков, министрдин биринчи орун басары милициянын генерал-майору Адылбек Бийбосунов, министрдин орун басарлары жана ички иштер органдарынын жетекчилери катышты.

Күн тартибинде Курман Айт майрамы учурунда жалпы коопсуздукту камсыздоо, мыйзамсыз миграцияга каршы күрөшүү иш-чаралары жөнүндө эки маселе каралды.

Аппараттык кеңешменин башында Улан Ниязбеков сөз сүйлөп, ички иштер органдарынын жетекчилеринин аткарган иштерине токтолуп, кемчиликтерин баса белгилеп, бир катар тапшырмаларды берди.

Андан соң, ИИМ башчысы алдыда келе жаткан Курман Айт майрамына байланыштуу, коомдук тартипти жана жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо, укук бузууларды жана кылмыштуулукту алдын алуу максатында милиция кызматкерлери күчөтүлгөн тартипте иш алып баруусун тапшырды. Шаардык, облустук, райондук жана айылдык ички иштер органдарынын жетекчилерине жүктөлгөн милдеттерди кынтыксыз аткарып, бул күнү элдин коопсуздугун жогорку деңгээлде камсыздоону ишке ашыруу керектигин эскертти.

Аппараттык кеңешменин жүрүшүндө мыйзамсыз миграцияга каршы күрөшүү иш-чаралары жөнүндө маселе каралды. Анда жогоруда аталган маселе боюнча ИИМдин кызматтары менен башкармалыктарынын, аймактардагы ички иштер органдарынын жетекчилеринин ушул багыттагы ишмердүүлүктөрү, мыйзамсыз миграцияны уюштуруу багытында жасалган кылмыштарга жана укук бузууларга каршы күрөшүүдө натыйжалуу жыйынтыктарга жетишүү жолдору кеңири талкууланды.

“Жакында мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү багытында, өлкө башчысы Садыр Жапаровдун “Кыргыз Республикасынын аймагында жүргөн чет өлкөлүк жарандардын жана жарандыгы жок адамдардын укуктук абалын жөнгө салуу боюнча чаралар жөнүндө” Жарлыгы чыккан. Анда Ички иштер министрлигинин алдына Кыргыз Республикасынын аймагында миграциялык мыйзамдарды бузуу менен жүргөн чет өлкөлүк жарандарды жана жарандыгы жок адамдарды аныктоо боюнча ыкчам иш-чараларды жүргүзүү тапшырмасы коюлган.

Андан тышкары, үстүбүздөгү жылдын 10-июнуна чейин, биздин өлкөнүн аймагында мыйзамсыз жүргөн чет өлкөлүк жарандарга өздөрүнүн укуктук абалын жөнгө салып, мыйзамдаштырууга убакыт берилди. Бул мөөнөт аяктагандан кийин ички иштер органдары миграциялык мыйзамдарды бузгандарды аныктоо максатында “Нелегал”, “Миграция” аттуу профилактикалык түшүндүрүү иш-чараларды жүргүзүлө баштайт.

Андыктан, бүгүнкү аппараттык кеңешмеде бул маселени карап, өлкө башчыбыздын Жарлыгын кынтыксыз жана так аткарууга баарыбыз милдеттүүбүз. Бул талаптардын баардыгын, Ички иштер министрлигинин кызматтарынан баштап аймактардагы айылдык жана шаардык милиция бөлүмчөлөрүнүн өздүк курамына так жеткирип коюңуздар”,- деди Улан Ниязбеков.

Ички иштер министри бүгүнкү кеңешмеде каралган маселелердин алкагында коюлган талаптарды, берилген тапшырмаларды так аткаруу керектигин жетекчилерге дагы бир жолу эскертип кетти.

 

76