7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

ИИМдин дагы бир тергөөчүсү пара алып жаткан жеринен кармалды

329

Ички иштер министрлигинин дагы бир тергөөчүсү 5 миң АКШ доллары өлчөмүндө акча алып жаткан жеринен кармалды. Бул тууралуу УКМК билдирди.

Тергөөнүн жүрүшүндө Биринчи май РИИБнын тергөө кызматынын улук тергөөчүсү, милициянын майору өзүнүн меркантилдик кызыкчылыгын көздөп, кылмыш ишин токтотуу үчүн Бишкек ШИИБдин баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү бөлүмүнүн иштеп жаткан кызматкеринен пара талап кылгандыгы аныкталды.

Ал пара талап кылган кылмыш ишинин алдын ала талдоосу кылмыштын иш жүзүндөгү курамы жана кылмыш жоопкерчилигине тартуу үчүн жетиштүү негиздер жок экенин көрсөттү.

Учурда иштин бардык жагдайларын жана башка тиешеси бар адамдарды аныктоо боюнча зарыл болгон тергөө-ыкчам иш-чаралар улантылууда. Кармалган жаранга эч кандай жеңилдиктери жок, жасаган коррупциялык кылмыштары үчүн максималдуу катуу жазага тартылат.

 

 

Посмотреть эту публикацию в Instagram

 

Публикация от Жетинчи Канал (@7kanal_official)

330