ИИМдин Ички аскерлеринде 23-февраль Мекенди коргоочулар күнү белгиленди.
ИИМдин Ички аскерлеринде, 23-февраль Мекенди коргоочулар күнүнө арналган салтанаттуу иш чара болуп өттү.
Иш чарага Ички аскерлердин кол башчысы, Ички аскерлердин аскер кызматкерлери жана ардагерлер катышты.
Ички аскерлердин кол башчысы полковник Дамир Алыбаев өздүк курамды куттуктап, бул майрам өз кызматы, абийири, намысы, эрдиги менен Мекенин коргогондордун майрамы экендигин билдирип кетти.
Салатанаттуу иш чаранын жүрүшүндө Ички аскерлердин өзгөчөлөнгөн аскер кызматчылары кол башчынын буйругу менен сыйланышты.
Иш чаранын соңунда, ИИМдин Ички аскерлердин аскер кызматчылары жана көркөм чыгармачылык тобу тарабынан даярдалган майрамдык концерт тартууланды.
Ушундай эле иш-чара Ички аскерлердин бардык аскер бөлүктөрдө болуп өттү.