7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

ИИМдин Ички аскерлеринде жаш жоокерлер ант берди

945

Ички иштер министрлигинин Ички аскерлеринин 702, 707 аскер бөлүктөрүндө жаңыдан аскер кызматына чакырылган жаш жоокерлер аскердик ант беришти. Бул тууралуу ИИМдин Ички аскерлеринин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, жаш жоокерлер эли-жери үчүн кызмат өтөөгө ант берип, Мекенди коргоочулардын катарын толукташты. Буга чейин жаңыдан аскерге чакырылган уландар бир ай бою атайын даярдыктан өтүшүп, аскердик кызматтын өзгөчөлүктөрүн, аскердик кызматтын өзгөчөлүктөрү менен жакындан таанышышты. Саптык, дене тарбиялык жана ок атуу даярдыгынан аскердик кызмат үчүн зарыл болгон нерселерди үйрөнүшүп, жалпы аскердик уставды, аскер кызматынын коопсуздугунун негиздерин өздөштүрүштү.

Ошол эле күнү Кыргыз Республикасынын ИИМдин Ички аскерлеринин 703 аскер бөлүгүндө дагы “Шер”атайын багыттагы отрядынын түзүлгөн күнүнө карата Кыргыз Республикасынын ИИМдин 703 аскер бөлүгүнүн, “Шумкар” атайын багыттагы полкунун жана Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин өзүнчө куткаруу отрядынын командалары арасында футбол боюнча турнир болуп өттү.

Эскерте кетсек, бул ирет салтанатка жоокерлердин ата-энелери, жакындары чакырылбастан онлайн режиминде өттү.

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

946