7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Икрамов: «COVID-19га каршы вакцинаны биринчи премьер-министр алсын»

739

Коронавируска каршы вакцинаны биринчи кезекте Премьер-министр, анын орун басарлары, Саламаттыкты сактоо министри алышы керек. Мындай пикирин Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Тазабек Икрамов айтты.

Ошондой эле мүчөлөрүнүн вакцина алып жатканын түз эфирде элге көрсөтүлүшүн талап кылды.

«Саламаттыкты сактоо министрлиги парламентке келип, эмдөө боюнча толук маалымат берсе жакшы болмок. Вакцинаны кайсы өлкөдөн алып жатат, баасы канча? Интернет булактарында айрым өлкөлөрдө эмдөөдөн өткөндөн кийин ден соолугу начарлап, каза болгондор да катталганы боюнча маалыматтар тарап жатат. Вакцинаны элге берерден мурда, түз эфир аркылуу көрсөтүп, биринчи кезекте Саламаттыкты сактоо министри, Премьер-министр, анын орун басарлары, депутаттар алышы керек. Вакцина текшерилгенби, текшерилген эмеспи? Бизге келип, түшүндүрүп берсин. Себеби эртең албагандардын баарын кыйнай баштайт», — деди Икрамов.
Эске салсак, Кыргызстанда коронавируска каршы эмдөө 29-мартта башталат.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

740