«Колуңардан келсе силер дагы «Небоскреб» салгыла, Тюлеевге атаандашкыла…» Бул тууралуу жеке ишкер Илгиз Шаменов өзүнүн жеке баракчасына билдирди.
«Нариман Тюлеевдин айланасында болуп жаткан чуулар боюнча, ишкер, өндүрүшчү катары өз ой пикиримди билдирип коюну туура көрдүм. Негизи мамлекеттин пай дубалын түптөп, өлкөнүн экономикасын, өлкөнүн казынасын толтуруп, элди иш менен камсыз кылып жаткандар булар ишкерлер. Башка өнүккөн өлкөлөрдө бизнесмендерге өзгөчө шарттар каралган, буйурса бизде дагы мамлекет, президентибиз тарабынан эми колдоолор боло баштады.
Тилекке каршы колдорунан кокон тыйын келбеген тилдери менен буудай куургандар дагы жок эмес. Өздөрү короосуна бир терек отургузуп коюшпайт дагы, бирөөнүн жакшылыгын ийгилигин көрө албагандар дагы толтура, эгер колуңардан келсе силер дагы «Небоскреб» салгыла, Тюлеевге атаандашкыла. Ал банктан асмандын башы, пайызы менен кредит алып инвестиция кылып жатат, жол островок боюнча мен макулмун, жолду наоборот кенейтиш керек, бирок башка курулуштары боюнча канчалаган эмгек, канчалаган энергия жана канчалаган акча ресурстары кетти?
Келгиле биринчи аягына чейин бүтүрсүн анан көрөлү, бүтө элек жатып эле чуру чуу кыла бербей. Тюлеев деле ойлонуп кылып жатса керек, ушинтип эле ишкерлерди тепкилей берсек анда ким инвестиция кылат, анан кантип келечекте Нью-Йорк болобуз? Ким акчасын салат? Лучше чет өлкөгө кетип калышпайбы кулак мээси тынч. Любой өлкөгө инвестормун деп барса, эшигин ачып тосуп алат.
Мен дагы Тюлеев айткандай 7 айдан бери завод салып жатам, мага дагы канча бут тоскондор, көрө албагандар, жалган маалыматтарды таратышып интрига кылгандар дагы толтура болду. Тюлеев экөөбүз окшош экенбиз, чынын айтсам мен дагы 7 айдан бери уктай элекмин, күндө сар санаа. Ушунун баарын өлкөбүзгө, элибизге деп кылып жатабызда, болбосо биз деле сынчыларга окшоп жата берсек болот беле?»-, дейт жеке ишкер Шаменов.



