Имбир — бул жер алдындагы сабагы колдонулган, табигый дарылык касиетке ээ тропикалык өсүмдүк. Анын илимий аты Zingiber officinale. Ал негизинен Индия, Кытай, Таиланд жана башка ысык аймактарда өсөт. Имбирдин сиз билбеген пайдасы тууралуу биздин сайттан маалымат ала аласыздар.
1. ЖҮРӨК-ТАМЫР ООРУЛАРЫН АЛДЫН АЛУУ
Имбирь артерияларды жакшы тазалайт, кандагы холестериндин деңгээлин төмөндөтөт.
2. СУУСАП КАЛУУ ЖАНА ВИРУСТУК ООРУЛАРДЫ АЛДЫН АЛУУ ЖАНА ДАРЫЛОО
Имбир чайы бал менен кошулганда организмди жылытат жана суук тийүүнүн алгачкы белгилерин басат. Ошондой эле, иммунитетти көтөрүүгө жардам берет.
3. АШКАЗАН ООРУЛАРЫ
Майдаланган түрүндө же настойка катары колдонулганда, имбирь дизентерияны, гастритти, ичеги коликтерин дарылоо үчүн пайдалуу. Ошондой эле, ичеги курттардан арылууга жардам берет.
4. ИМБИРЬ ТИШТЕРДИ ЧЫҢДАЙТ
Чийки түрүндө колдонгондо демди тазалайт жана тиш ооруларынын алдын алууга жакшы жардам берет.
5. МУУН ООРУСУН БАСАҢДАТУУ
Артериит сыяктуу ооруларда майдаланган имбирден компресс жасалып колдонулат. Сөөк-муун ооруларынын алдын алуу үчүн күнүнө жок дегенде 60 грамм имбир жеш керек.
6. РАК ООРУЛАРЫНА КАРШЫ КҮРӨШ
Имбирь рак клеткаларын басаңдатууга жана онкологиялык оорулардын алдын алууга жардам берет.
Бирок эскерте кетчү жагдайлар бар:
Имбирди аллергиясы бар адамдар, өтүндө ташы барлар, боор циррозу менен жабыркагандар, жана ар кандай кан агуу менен байланышкан оорулары барлар колдонбошу керек.
А сиз имбирди күнүмдүк жашооңузда колдоносузбу урматтуу окурманым?