7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Индиянын жарандарын сабаган эки жигит кармалды

1159

Буга чейин социалдык тармактарда, Бишкек шаарынындагы Киев жана Уметалиев көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан кафенин ичинен белгисиз жарандар Индиялык жарандардын денесине залал келтирип жаткан видео тасма тараган. Бул окуя тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы төмөндөгүлөрдү билдирет.

Билдирүүүгө ылайык, аталган окуя Бишкек шаарынын Ленин РИИБнын кылмыштардын бирдиктүү реестрына катталып, Кылмыш жаза кодексинин 280 (Бейбаштык) фактысы менен кылмыш иши козголгон.

Тергөө жана ыкчам издөө иштеринин жүрүшүндө, кылмышка шектүү делип, 2000-жылы туулган Н.С. жана 2004-жылы туулган Б.К. атуу жарандардын өздүгү такталып, Тергөө кызматына жеткирилип, Жазык-процесстик кодексинин 96 беренесине ылайык, Бишкек ШИИБнын убактылуу кармоочу жайына камакка алынды.

Учурда тергөө амалдары улантылууда.

«Урматтуу жарандар, милиция кылмыштын бетин ачууда тоскоолдуктарды жаратпоо жана шектүү адамдардын изин суутуп кетүүсүнө  жол бербөө үчүн видеобайкоодон, кылмыш же укук бузуу болгон жерлерде күбөлөр тарабынан тартылган сүрөттөрдү жана видеожазууларды алдын ала таратпоого чакырат.
Сиздин коопсуздугуңузга коркунуч жаралса, күнү-түнү кызматтагы “102” кыска номерине кабарлап, ал эми далилдерди тергөөчүлөргө берүүнү суранабыз»,- деп берилет билдирүүдө.

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

1160