Баткен облусунун Сүлүктү шаарында шахтада калып калган жарандар куткарылды. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, кечээ, саат 19:25те Сүлүктү шаарында көмүр казуу учурунда 5 жаран газга ууланып, шахтанын ичинде калып калгандыгын билдиришкен.
Жалпы 8 куткаруучу тартылып, жабыр тарткан жарандар тез жардам кызматына өткөрүп берилген.
Кошумча маалымат берилет.