7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Февраль 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
232425262728  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Индонезия 53 экипажы менен жоголгон кемесин табышууга жардам сурады

798

Бали аралынын жээгинен Индонезия суу астында жүрүүчү KRI Nanggala кемеси 53 экипажы менен дайынсыз. Бул тууралуу BBC маалымат булагы билдирди.

Маалыматка ылайык, кеме Балинин түндүк жээгинде жүрүүгө алдын-ала даярдык көрүп жаткан.

Индонезия бийлиги билдиргендей, кеме торпедону учурууга катышмак, бирок тереңирээк аймакка чыгып кетүүгө уруксат алгандан кийин дайынсыз жоголгон. Издөө иштерине тартылган аскердик вертолет кеменин болжолдуу ордунан деңиздин үстүнө чыккан майын көрүшкөн.

«Издөө иштерине аскер кызматкерлери, куткаруучу топтор тартылды. Индонезия бийлиги Австралия, Индия мамлекеттеринен жардам сурап жатат. Суу астында жүрүүчү кемелердин акыркы жолу жоголуу фактысы 2017-жылы Аргентинада катталган”, — деп айтылат маалыматта.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

799