7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

«Иним ур-токмоктон каза болду». Бостериде каза болгон жигиттин агасы элге кайрылды

848

6-августка караган түнү Ысык-Көлдүн Бостери айылында жаш жигит ур-токмоктон каза болду. Бул тууралуу анын агасы билдирди.

Маалыматка ылайык, анын иниси Ысык-Көлдөгү «Золотые пески» пансионатында көл жээгинде достору менен эс алып жүргөн. Кийин алдынан 7-8 бала жолугуп калып,кайым айтыша кетишкен. Топ балдар анын инисин сабап салып, ур-токмоктун айынан өзүнө келе албай каза болгон.

“Милицияга барсак, «иниңиздин талма оорусу кармап калып, тилин жутуп алган» дейт. Эгер талма оорусу болсо, биз мойнубузга алмакпыз. Өзү спортчу бала болчу, талма оорусу жок эле. Кандай максатта антип айтып жатат, ишти эрте жаап коелу деп жатышабы, биз түшүнбөй жатабыз”, — деди ал.

Инисинин достору сабаган балдарды көрсө, тааный турганын айтышкан. Буга байланыштуу ал мушташка күбө болгондорду же видео тартып калган жарандарды, окуя тууралуу маалымат берүүсүн суранат.

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

849