7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Инстаграмдан шилтеме жиберип, аялдын 171 миң сомун алып койгон жаран кармалды

330

Талас облусундагы Манас районун тургуну инстаграмда бейтааныш адамдан келген шилтемени басып электрондук капчыгынан 171 миң 500 сомун алдырган.

40 жаштагы жергиликтүү аял арыз менен милицияга кайрылган. Ал арызында “Инстаграм” социалдык тармагынан бейтааныш бала акча утуп алууга мүмкүн экендиги белгиленген шилтеме жөнөткөнүн билдирген. Ошол шилтемени басып кирген соң, анын наамына катталган электрондук капчыгынан 171 500 сом акча каражатын насыя катары каттоого тургузуп алып, акчаны башка тарапка которуп кеткендигин жазган.

Кылмыш ишине шектүү катары Бишкек шаарынын тургуну 1992-ж.т. Д.Т. кармалып, Манас РИИБге алынып келинген.

Шектүү жаран арыз ээсинин электрондук капчыгынан которуп алган акчаны Ош шаарынан криптовалюта сатып алууга которгону белгилүү болгон. Жабырлануучунун акчасы толугу менен өзүнө кайтарылып берилди.

331