7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Интернет аркылуу интимдик кызмат көрсөткөндөрдүн уюштуруучулары кармалды

580

Жогорку кызматтагы аткаминерлерге, бардар жарандарга, ишкерлерге эскорт жана интимдик кызмат көрсөтүү фактылары аныкталды. Бул тууралуу УКМКдан билдирди.

20-февралда Чүй облусунун Ысык-Ата районунун Интернациональное айылынын аймагында мессенджерлер аркылуу интим жана эскорт кызматтарын көрсөткөн “Whatsapp” жана “Telegram” мессенджерлеринин чат администраторлору кармалды.

Аталган интернет чаттарында “Instagram” жана “Tik Tok” социалдык түйүндөрүндө популярдуу болгон 18 жаштан 25 жашка чейинки 15ке жакын модель кыздар жана 300-5000 АКШ доллары өлчөмүндө акчалай акыга интимдик кызмат көрсөткөн сулуулар сынагынын катышуучулары тартылган. Жогоруда аталган администраторлор кыздарды коңушу өлкөлөргө Алматы, Дубай, Анкара жана Стамбул шаарларына интимдик кызматтарды көрсөтүү үчүн жиберип турушкан.

Жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жыйынтыгында А.О.В жана Р.О.Ю. аттуу КР жарандары кармалып, алар Жазык-процесстик кодексинин 96-беренесине ылайык, Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Мындан тышкары, Бишкек шаарындагы отелдерде эскорт кызматкерлери өздөрүнүн кардарлары менен кармалды. Учурда кошумча тергөө-ыкчам иш-чаралар жүргүзүлүүдө.

581