7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Август 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Кызын уруп, видеого тарткан ата камакка алынды

378

Кечээ соцтармактарда зээнди кейиткен дагы бир видео тарады. Анда атасы кичинекей кызын чыбык менен уруп, сөгүп жатканын көрүүгө болот.

Майлуу-Суу ШИИБне, Ноокен районунун 36 жаштагы тургуну арыз менен кайрылган. Анда 14-ноябрь күнү түнкү саат 00:00 чамасында 41 жаштагы жолдошу эч бир себепсиз уруп үйүнөн кууп чыккандыгын жана ал чоң кызы менен кетип, үйдө бир уулу бир кызы жолдошу менен калган учурда 2019-жылы туулган кызын уруп, видеого тартып үйгө кел, келбесен жаман болот деп коркутуп жибергендигин билдирген.

Бул факты боюнча 27-ноябрь күнү Майлуу-Суу ШИИБдин маалыматтардын электрондук каттоо журналына катталып, аймактык караштуулугу боюнча, Ноокен РИИБне жөнөтүлгөн, бүгүнкү күндө тергөөгө чейинки текшерүү иштери башталган.

Бул окуя боюнча апасы жана 2014-жылы туулган, 2017-жылы жана 2019-жылы туулган балдарына соттук-медициналык, соттук психолого-психиатриялык экспертизалар дайындалган.

1983-жылы туулган К.Т. аттуу жаран Ноокен райондук ички иштер бөлүмүнүнө жеткирилип, учурда камакта.

Учурда Тергөө амалдары жүрүп жатат.

379