7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Ипотекалык батирлер. Бишкекте дагы 476 үй-бүлө турак жайлуу болду

307

Бүгүн, 16-апрелде Бишкек шаарында дагы 476 үй-бүлө турак жайлуу болду.

Борбор калаада Мамлекеттик ипоткалык компания тарабынан салынган батирлер ээлерине тапшырылып, иш-чарага президент Садыр Жапаров, президенттин Иш башкармалыгынын жетекчиси Каныбек Туманбаев, Мамлекеттик ипотекалык компаниянын жетекчиси Темиркул Балтабаев катышты.

“Мурас” турак жай комплекси Бишкек шаарынын К.Маликов көчөсү, 91 дарегинде жайгашкан. Бүгүнкү тапшырылган үйдө бир бөлмөлүү- 204, эки бөлмөлүү-102, үч бөлмөлүү-170 батир жайгашкан.

Турак жай комплекси жалпы 18 жана 24 кабаттуу 39 блоктон турат. Жалпы батирлердин саны — 4 754, янты — 278 278,6 чарчы метр, участоктун аянты — 8,7 гектар. Газ, суу жана канализация борбордук тармактарына толук туташтырылган. Жылытуу системасы өзүнчө автономдуу отканадан камсыздалат, ал эми электр энергиясы турак жай аймагындагы өзүнчө трансформатордук подстанция аркылуу берилет.

Турак жай комплексинин бардык этаптары быйыл толугу менен бүткөрүлөт.

Эске салсак, 2024-жылдын декабрь айынын аягында “Мурас” турак жай комплексинде 510, Скрябин көчөсү, 45а дарегинде 549 жана 2025-жылдын 11-апрелинде Ч.Айтматов проспектиси, 102/1 дарегинде 612 үй-бүлө жаңы үйдүн босогосун аттаган.

308