Ош шаарында кызыл сызыктан чыгып кеткен үй бузудурулуп жатканда 11 жаштагы кыз жаракат алды. Окуя 12-апрелде болгонун Ош ШИИБинен билдиришти.
Үйдүн ичиндеги 6-класстын окуучусунун башына, колуна кирпич түшүп, ооруканага кайрылган.
Кызга биринчи медициналык жардам көрсөтүлүп, үйүнө жөнөтүлгөн. Ал жерде иштеген мэриянын кызматкерлери суракка чакырылып, экспертизалар дайындалды.