Түп райондук сотунун бөлүм башчысы 85 миң сом параны кайтарып берүү учурунда кармалды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.
Ал, жарандан соттун өкүмүн өзгөртүү жөнүндө маселени оң чечкендиги үчүн ага 85 миң сом өлчөмүндө акча каражатын берүүгө мажбурлаган. Бирок, бул өкүм Жогорку сот тарабынан кассациялык тартипте каралып, өзгөртүүсүз күчүндө калтырылган.
Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 343-беренесине ылайык кылмыш иши козголду. Ал 11-апрелде мурда алынган параны кайтарып берүү учурунда кармалып, соттун санкциясына ылайык Каракол шаарындагы №23 тергөө абагына киргизилди.
Учурда тиешелүү тергөө-ыкчам иш-чаралары жүрүп жатат.