1-майдан 11-майга чейин борбордон «Ала-Арча» жаратылыш паркына чейин жарым-жартылай экспресс автобус каттамы уюштурулат.
Каттамдын акыркы аялдамалары Эски аянтта жана Ала-Арча жаратылыш паркында жайгашат. Жол кире накталай төлөөдө 50 сом, накталай эмес төлөөдө 40 сом болот.
Автобустар саат 08:00дөн 19:00гө чейин каттайт. Каттамды газ менен жүргөн 12 метрлик заманбап ISUZU автобустары тейлейт.